Чек арада жайланышкан Максат айылындагы 61 үйдү турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө менчиктештирип берүү максатында керектүү документтер даярдалып жатат. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Тажик чекарасындагы Максат айылынын эли менен жолукканда билдирди.

 

Баса, жолугушуу маалында Максат айылынын тургундары Кулунду айыл өкмөтүнүн карамагындагы 61 турак үйдүн документтерин өздөрүнө алуу жумушун тездетип берүүнү абдан суранышты. Ошондуктан, Абиш Халмурзаев бул маселе боюнча Лейлек районунун  акимине, Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына жана мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысына турак жайларды менчиктештирүү жараянын чукул арада бүткөрүп, алардын техникалык паспортторун ээлерине токтоосуз берүүнү катуу табыштады. 

 

Айтмакчы, буга дейре мамлекеттик мүлк фондусунун эсебинде турган Максат айылындагы 61 турак үй 1996-жылы мамлекеттин эсебинен курулуп, райондун аймагындагы турак жайга муктаж жарандарга ыроолонгон. Бирок, аталган турак жайлар толугу менен азыркыга дейре Кулунду айыл өкмөтүнүн эсебинде гана турат.

 

Кулунду айыл аймагынын өкмөтүнүн маалыматына таянсак, алдыда турак үйлөр төрт же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө акысыз менчиктештирилип берилет. Ал эми калгандарын жашап жаткандар мыйзам чегинде Айылдык Кеңеш бекиткен жана жеңилдетилген баада гана сатып алышат. Ошондой эле 61 турак жайдын техникалык паспорттору дагы даярдалууда.

 

Айтмакчы, Лейлек районунун Максат айылы Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Офчу-Калача айылы менен тыгыз чектешет.

 

 

Булак: "Майдан. kg" гезити