Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы Кара-Булак айылында, 17-июнда сарай өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, өрт жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 36 чарчы метр чатырын жалмаган. Ошондой эле 20 түк чөп да күйгөн. 

 

Өрт жаш балдардын шоктугунан улам келип чыкканы белгилүү болгон.