2018-жылдын 14-июнунда КР МУКК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында чет элдин жаран «Л.А.С.» МУКК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Туристтик компанияларынын биринин жетекчиси «Л.А.С.» КР МУКК кызматкерине ири өлчөмдөгү пара берүү аркылуу кыргыз визасын алууга жардам берүү маселесин чечүү аракетин жасаган.

 

Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдиришти.

 

Бул факт боюнча КР Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренсинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган жаран КР МУКК тергөө камак жайына киргизилди.

 

Азыркы убакта ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.