Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту чоң атасы менен чоң энесин өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Музаффар Пирназаровду 26 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

 

86 жаштагы Рахмат Пирназаров менен 77 жаштагы Зебуннисо Пирназарова 2016-жылы сентябрда Душанбедеги үйүндө өлтүрүлгөн.

 

Соттун материалдарына ылайык, небереси чоң атасы менен чоң энесине 2 миң сомони (220 доллар) үчүн кол салган.

 

«Музаффар Пирназаров туугандарынын үйүнө уурулук кылуу максатында кирип, Зебуннисо Пирназаровага 32 жолу, төшөктө жаткан майып чоң атасына 27 жолу бычак сайган. Экөө тең алган жараатынан улам ошол жерде жан беришкен», — деп жазылган материалда.

 

Андан соң өспүрүм чоң энесинин 2004 сомониге бааланган сөйкөсүн жана үч алтын шакегин чечип алган.

 

Музаффар Пирназаров буга чейин уурулук үчүн соттолгон.