Бишкек шаардык сотунда бүгүн, саат 9:30да Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти карайт. Бул тууралуу КСДП партиясы маалымат таратты. 

 

Ага караганда, Кулматовдун жактоочулары аны камакка алуу чечими менен макул эмес. 

 

Эске салсак, Бишкек шаарынын экс-мэри жана Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов 28-июнда камакка алынган. Учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ал мэр болуп турган кезде грант негизинде келген каражатты мыйзамсыз короткон деп айыпталууда.