Акыркы убактарда социалдык түйүндөрдө элибизди түндүк-түштүккө бөлгөн, регионалдык чыр-чатакты пайда кылууну көздөгөн кайсы бир саясий күчтөр тымызын иштеп баштаганы байкалды. Өзгөчө ири коррупцияга айыпталып, камакка алынып аткан экс-чиновниктерди мисалга тартып, “мынакей бийлик өлкөбүздүн баланча жагынын кадрларынан камай баштады” деген сыяктуу коомдук пикир жаратууга өттү.

 

Албетте, элибиз өзү бөлүнбөйт, ар дайым биримдикти, ынтымакты туу тутуп жашап келген. Бирок, кандайдыр бир саясий реванш алгысы келген күчтөр өз максаттарына жетүү үчүн ушундай чагымчылдыкты атайылап уюштуруп жатышканы билинип турат.

 

Алар өтө аз санда, бирок социалдык түйүндөр аркылуу “фейк” ысымдары менен ар бирөө он чакты адамдын атынан катталып алышып, коомчулукту козутуу аракетинде болуп атышканы өкүнүчтүү. Эгерде буга азыртадан тиешелүү чара көрүлбөсө, анда бир ууч саясий топтун кызыкчылыгы үчүн элибиздин ынтымагына доо кетип калышы мүмкүн.

 

Мындай кооптонууларды учурда коомдук уюмдар да билдире баштады. Мисалы, “Улутман” саясий уюмдардын биримдиги атайын билдирүү жасады:

 

“Урматтуу мекендештер! Кыргызстаныбызда соңку убакыттарда, тилекке каршы, терс көрүнүштөр көбөйдү. Алардын бири регионализмдик-трайбалисттик көз караштардын өсүшү. Өзгөчө ушул терс тенденция саясий уюмдар жана саясатчылар менен тыгыз байланыштуу болууда. Коомчулуктун, социалдык тармактардын арасында тамырын терең жайган ар түрдүү топтор жана блогердик желелер опурталдуу пикирди тымызын жаратууда.

 

Жогоруда айтылган саясий уюмдардын алдында кызмат кылган топторго такыр тиешеси жок жарандар, өзүлөрү байкабай, акырындык менен ачытылып, атайын даярдалган маалыматтардын артынан ээрчип кетип жатышат.

 

Коррупуияга шектүү деген мурунку чиновниктер убактылуу камакка алынып жатканда, аларга муртадан бери кызмат кылып жүргөн тараптар, коомчулуктун көңүлүн коррупциялык иштерден башка жакка буруп, республикабыздын айрым райондорун атап, ал аймактын жергиликтүү тургундарына чагымчыл чакырыктар менен кайрылып жаткандары байкалууда.

 

Бул аракеттерди “Улутман” саясий кыймылдардын биримдиги чагымчылдык жана өз элине чыккынчылык катары эсептейт. Биздин позициябыз боюнча мыйзам алдында баары бирдей жана аймактык айырмасы жок. Кылмышка шектүү жаран кайсыл аймактан болбосун, толугу менен мыйзам алдында жооп бериши керек. Ошол эле кезде кылмышка шектүү делген жарандар калыс, көз карандысыз тергөөгө адилеттүү сотко укуктуу.

 

Урматтуу мекендештер, азыркы мезгилде регионализмдик, кокту-коктуга бөлүнүүлөргө жол берсек, мамлекеттин туруктуулугуна зыян келтирип, өлкөнү, элди чоң чырга алып келерин баса белгилеп кетебиз. Бөлүнүп-жарылууларга алданбайлы. Улуу Орозо айында ынтымакка келип, тынчтык менен келечекти ойлойлу”.

 

Туура, атайын чагым уюштуруп аткандардын жайып койгон торуна түшүп калбашыбыз керек. Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, коррупциялык кылмыштарынын жоопкерчилигинен кутулуп кетүү үчүн ушундай чагымдарды уюштуруп жатышат. Андыктан алардын кара ниеттерин ашкерелеп, тиешелүү органдар чара көрүүлөрү да керек.

 

 

Булак: “NazarNews.kg”