2018-жылдын 9-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун  Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент  жана Маргун айыл аймактарында сел жүрүп, турак үйлөрдү, жер тилкелерди, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды, суу түтүктөрүн каптап, электр энергиясы үзгүлтүкө учурагандыгына байланыштуу, 10-июнь күнү акимдин №2/105 буйругунун негизинде аймака "өзгөчө кырдаал" тартиби киргизилген.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

 

Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, абал турукташкандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 14-июнь күнү акимдин №2/110 буйругунун негизинде "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды. Учурда селдин кесепеттерин толук жоюу иштери журүп жатат.