16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Андагы маалыматтарга таянсак бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда да жамгыр, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23…28, Таласта облусунда 7…12, күндүз 22…27, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24, Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 градус болот.
Бишкекте түнү жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14, күндүзгү жогорку температурасы 26…28 градуска жетет.