Жалал-Абад шаарында жергиликтүү ички иштер кызматкерлери кардарларга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананы тапты.

 

Айтмакчы, Жалал-Абад шаарынынын тургундары ички иштер бөлүмүнө кайрылышып, алар жашаган үйдө сойкукана бар экендигине даттанышкан. Ошентип, атайын рейддин жүрүшүндө бул жерде төрт сойку кармалды. Мындан тышкары батирден жашыруун касса дагы табылып, ага катылган акчалар жана контрацептивдер кылтакка илинди.

 

Бардык топтолгон материалдар Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрлүп берилди. А түгүл “Сойкулук үчүн атайын жайларды уюштуруу, же кармоо” беренесинин негизинде кылмыш иши дагы козголду.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: «Майдан. kg» гезити