Ошто Өзбекстан жарандарына жасалма паспорт бергендердин иши дагыле тергелип жатат. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

    
- Алай районундагы айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн башкы адиси К.А. жасалма документ бергенге шектелип, анын үстүнөн териштирүү кызыды. Анткени, К.А. 2011-жылдын февраль айында расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, Өзбек Республикасынын жараны, 1982-жылы туулган Ш.М. аттуу аялга “Ош облусунун Алай районунун тургуну, улуту кыргыз. Аты-жөнү М.М.” деп өзгөртүп, 2011-жылы 17-февралда Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун тууралаган.

 

Ушундай эле кылмышка Ош шаардык паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.К. дагы айыпталып жатат. А дагы Өзбек жаранына аты-жөнүн, улутун өзгөртүп, мамлекеттик документти колуна карматкан, - деп кошумчалады басма сөз кызматынын өкүлү.


Ушул тапта санакталган эки фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары кызуу жүрүп жаткан чагы.

 

 


Булак: «Майдан. kg» гезити