2010-жылы Кыргызстанда төңкөрүш болуп, борбордо бийлик мыйзамсыз алмашып жатканда түштүк борбордо котур ташын койнуна каткан өзбек сепаратисттери өлкөбүздүн жарымын автономия кылып бөлүп алуу аракетин көрүшүп, июнь айында Ош коогалаңын уюштурушкан эмес беле. Анын кесепетинен мамлекетибиз миллиарддаган сом зыянга учурап, байыркы Ош шаары урандыга айланып калган. Баарынан да 500гө жакын адам өмүрү кыйылып, 40тай жигиттин дайын-дареги азыркыга чейин белгисиз. Кечээ жакында мына ошол сегиз жыл мурда болгон июнь окуясын уюштурган,  тилеги таш капкан соң сыртка чыгып кеткен кыргызстандык өзбек саясатчылар жана коомдук ишмерлер: К.Батыров, Х.Худайбердиев, Р.Эгамбердиев, Б.Ахмедов, Х.Каримов, Й.Салимов, Д.Хайдаров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Анда алар жеке коопсуздугу үчүн аргасыздан башка мамлекеттерде баш калкалап жүргөнү, БУУ баштаган адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдардын июнь окуясы боюнча кайрылууларына бийлик көңүл бурбай, коогалаңга байланыштуу кылмыш иштери калыс иликтенбей калганы айтылат. Коогада кыйноого кабылып, үй-мүлкүн, байлыгын, кызматын жоготкондор акыйкаттык таппай келатканын, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин бардык окуяны калыс иликтөө чакырыгына көңүл бурулушу керектигин белгилешкен. Кайрылгандар бир гана эл аралык уюмдардын чакырыгын эмес, сегиз жылдан бери зарыгып уул-кызын күткөн энелердин үнүн угууну суранышкан. Эми бул канкорлорго президент С.Жээнбеков кандай жооп кайтарар экен?

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити