Экс-премьер-министр С.Исаковдун “Таза коом” деген долбоор-программасы бар эмес беле. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул баардык калкка тейлөө, кызмат көрсөтүүчү мекемелерди автоматташтырып, санарип, компьютер менен камсыздап, адамдардын катышуусун азайтуу болчу.  Алар ушундай жол менен коррупцияны азайтуу же такыр эле жоготууну, ачык-айрымдыкты көздөшкөн. Адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, бул долбоор акырындык менен ишке ашып жаткан. Мисалы, паспорт алуудагы кезекке тургандардын сүрмө тобу жоголуп, электрондук кезек пайда болгон. Мындан башка да бир нече заманбап долбоорлору бар болчу. Тилекке каршы аларды аягына чыгара албай калбадыбы. Эми жаңы өкмөт ага кандай мамиле жасайт, белгисиз. Бирок 21-майга караган түнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылындагы “Таза коом” долбоорунун кеңсесинен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 02:20лар чамасында түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон жерге 17 мүнөттүн ичинде келишип, саат 02:54тө өрт чектөөгө алынган. Тартылган бир бөлүмдүн жардамы менен таңкы саат 05:19да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Бирок өрттүн кесепетинен 120 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Азырынча тилсиз жоонун эмнеден чыккандыгы белгисиз. Электр энергиядан же башка техникалык себептен чыктыбы же бирөө-жарым атайлап өрттөдүбү?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити