Кыргызстандын эң четки аймагы болгон Лейлек районунда Кулунду деген айыл бар.  Тажикстан менен чектешип турат. Бул улуу инсан Исхак Раззаковдун киндик каны тамган жер. СССРдин тушунда “миллионер колхоз” аталган бул аймактын жашоочулары азыр ар кимиси өз арбайын согуп жашап калган. Элдин көпчүлүгү кошуна мамлекет менен соода-сатык кылып тиричилигин өткөрүүдө. Тилекке каршы кыргыздар менен тажиктердин ортосунда ар кандай чыр-чатактар да чыгып турат. 12-майда Тажикстандын автоматчан чек арачылары ушул Кулунду айылына 50 метр кирип келишип, жергиликтүү жашоочулардын паспортун талап кылышкан. Ал эми жергиликтүү жашоочулар алардын өкүмзордугуна баш ийбей, машинасынын ачкычын тартып алышып, автоматын талашып,  окуянын жүрүшүн видеого тартып алышкан жана социалдык тармактарга жүктөп жиберишкен. Орусча эки ооз сүйлөй албаган бир тажик жоокери колун жаңсап, бул жабык зона экендигин түшүндүрүүгө аракет кылганда кыргыз жараны бул Кыргызстандын аймагы экендигин түшүндүрүп, телефон аркылуу командирин чакырган. Бирок бул учурда Кыргызстандын чек арачылары болгон эмес. Ошентип, машинасынын ачкычын алдырып, автоматын араң сактап калган тажикстандык чек арачылар өздөрү качууга мажбур болушкан. Машинаны болсо Лейлек РИИБнин кызматкерлери алып кетишкен. Ал эми кечинде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап болгон окуя үчүн кечирим сурагандыгын билдирди. Көрсө, жаш жоокерлер “адашып кетишиптир”...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити