Бишкек шаарындагы Абай көчүсүндө жайгашкан Карылар үйү 1956-жылы курулган. Аталган Карылар үйүндө бүгүнкү күндө 208 кары адамдар мамлекеттин камкордугунда жашайт. Алардын ичинде 80ге жакыны кыргыздар.

 

Мындан сырткары мамлекет тарабынан тамак-ашка бир күнгө бир кары адамга 100 сом жана дары-дармекке 12 сом 50 тыйын гана каралат. Турмуштук ар кандай жагдайлардан улам ден-соолугу начар, камкордукка алына турган жаш адамдар да бул уйдө жашашат. Мыйзам боюнча балдары ата-энени багууга милдеттүү деп жазылган. Эгерде баласы карабай кеткен болсо, ата-эне мыйзам жүзүндө алардан алимент өндүрүп алууга акысы бар.

 

Ыйык Рамазан айынын алдында, 11-май күнү Карылар үйүндө “Карыларга мээрим” аттуу акциянын алкагында экс-вице-премьер-министр, ЖКнын бир нече чакырылышынын депутаты, мекенчил кызыбыз Чолпон Султанбекова үйү жок карыяларга символ катары жасалгасы менен боз үй, чайын кайнатып ичкенге самоорун белек кылды. Мындан тышкары боз үйдүн ичинде карыларга сый тамак жана концерт берилди. Бала мээримине, сүйүүсүнө суусаган ата, апалар бул белекке көз жаш алып кубанышты. Аталган акцияны журналисттер Эльнура Кулуева, Сайрагүл Дуулатова, Дана Абдыбекова уюштурушту.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити