"Кытай өнүккөн экономикасы, Япония заманбап технологиясы менен ааламда алдыга чыгып жатса, Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер андай алп державаларды кантип, качан кууп жете алат? Деги эле ошондой дарамет бизде барбы? Бул суроого жооп табуу далай мүдүрүлткөн менен, бекем ишеним бар экенин унутпайлы. Кыргызстан - ыймандуу калктын, билимдүү жаштардын державасы. Ыйман менен билимдин биримдиги сөзсүз түрдө ийгиликти камсыздайт. Дал ушундай келечектин пайдубалын канткенде бекемдей алабыз?"- деген суроолор бүгүн, 14 – майда депутат Жанарбек Акаевдин Ош облусунун жаштары менен болгон жолугушуусунун негизги өзөгүн түздү,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.


Депутат жаштар үчүн реалдуу талкуунун платформасын уюштуруу демилгесин баштап, бул жолку жолугушууга дүйнөлүк спортто кыргыз желегин желбиреткен айтылуу Айсулуу Тыныбекованы, жети тилде эркин сүйлөй билген Семетей Качкынбаевди, адеп жолунда жаш болсо да жаадыга түйүп алар бай насааты бар Нуржигит Кадырбековду, “Билимкана” мекемелерин ачып, жаштарга татыктуу билим берип жаткан Элнура Осмоналиеваны, жаш профессор Алмаз Бектеновду чакырып жаштарга жалындуу кеп – кеңештерин беришти.


Ошондой эле депутат Жанарбек Акаев Ош шаарына болгон иш сапарында педагогикалык багытта билим алып жаткан студенттердин стипендиясын жогорулатууну сунуштап жаткандыгын айтып, бул демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жактыруусуна ээ болгондугун билдирди.


"Кабар"