Ржев шаары фашисттик баскынчыларга каршы баатырдык күрөшү үчүн ата мекендик согуштун 1-даражадагы ордени менен совет маалында сыйланып, 2010-жылы В.Путиндин жардыгы менен “Город воинской славы” наамына татыган.

 

Ржев 17 ай немецтик армиянын эзүүсүндө болуп келген. Дээрлик 14 ай аталган шаар үчүн айыгышкан согуш жүрүп олтурган. 1942-жылдын январында советтик армия шаардык түндүк-батышындагы немецтик коргонуу чебин талкалап кирген, бирок, Ржевди бошотуу операциясы ишке ашпай, №20-Калинин фронтунун солдаттары толук курман болгон. Кызыл Армия Ржевди 1943-жылдын 3-мартында араң бошоткон. Стратегиялык багыттагы шаарды бошотууда 1,3 миллиондон 2,5 миллионго чейин советтик армиянын жоокерлери каза болгону айтылып жүрөт. 600 миңден 900 минге чейин адамдардын дайыны жок. Ржев немецтик эзүү учурунда 90 пайыз талкаланган. Ржевде немецтер басып киргенче 56 миң адам жашаса, бошотулгандан кийин болгон 248 адам калган.

 

Айрым маалыматтар боюнча, Ржевде 30 миңдей кыргыз жоокерлери каза тапкан же дайынсыз жоголгон.

 

К.Ташиевдин айтымында, Ржевде учурда башка бир нече улуттардын атынан согушта курман болгон жоокерлерине арнап, эстелик-монументтер тургузулган. “Биз жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүп, Ржев шаарынан 30 сотых жер бөлдүрүп жатабыз. Ал жерге Ржев үчүн курман болгон аталарыбызга арнап, чоң эстелик-монумент тургузуу ниетибиз бар. Бул эл-жерибизди коргогон аталарыбызга болгон биздин муундун сый-урматы. Кудай буюрса, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата эстеликти бүтүрөбүз”,- дейт Камчыбек мырза.

 

Камчыбек Кыдыршаевичке бул улуу ишти ишке ашыруусу үчүн Жаратканыбызы күч-кубат берсин! Колдоого ала турган демилге!