“Президент 41 жерге түлөө өткөрбөсө, жогорку кызматтагы адамдардын арасында кан төгүлөт”

 

- Ак үйгө жасалган кара дубалардын кесепетинен карапайым эл эмес, бийлик эшелонундагы адамдар арасында тиреш күчөйт, кимдир бирөөлөргө кол салуу болуп,  жогорку кызматтагы адамдардын арасында кан төгүлүп, ызы-чуу түшөт деген аян келди. Эгер бул аянга кайдыгер карабай, кара дубаларды чечтирип, оңдолуп, түзөлүп жаткан жолдорду тазалатпаса Кыргызстан кырсыктан, кайгыдан арыла албайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Орозону шылтоо кылып, кыргызстандын 41 касиеттүү жерине, мазарларга кан чыгарышы керек. Ошондой эле эл атасы болгону үчүн жеке каражатынан Орозодо садака берип, элди тамак-аш менен камсыз кылышы керек. Эгер мындай иштерди жасабаса, кара дубанын кесепети Сооронбай Шариповичке да тийип, ишинин баш аягын таба албай, мамлекетти башкармак турсун, жөндөй албай калат. Ошондуктан, “көзү ачыктар айтып жатат”- деп кулагынын тышынан кетирбей, бизге түшкөн аяндарды аткарып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн аракет кылышы керек. Эгер Сооронбай Шарипович кара дубаларды чечтирип, Ак үйдү тазалатпаса, бири-бирине каршы жасалган кара дубалардын айынан ал жерге барган башчылардын баары туура эмес иштерге кантип аралашып алганын сезбей калышат да, кызматтан өз абийирлери менен эмес, жаман абалда кетет. Ошон үчүн кара дубаларды чечтирип, мамлекет үчүн да пайдалуу иш кылышы керек.

 

“Ант берген өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен эки эле киши жакшы иштейт”

 

- Негизи “өкмөт мүчөсү болдук, аткаруу бийлигин колго алдык” деп ант бергендердин ичинен экөө гана чын дили менен иштейт. Калгандары “каада күтөм, иштеп турганда пайдаланып алайын”- деген көз караштан алыс боло албай, ишинен майнап деле чыгарышпайт. Кыскасы, алардын илең-салаң кыймылына, арзыбаган ишине нааразы болгондордун саны арбып, азыркы өкмөттөгүлөр кызматынан эрте эле кол жуушат.

Азыр көпчүлүктүн көңүлү Өткүрбек Жамшитовго бурулуп жатат. “Бул жигит кандай иштейт экен. Башка прокурорлордон айырмаланат бекен?”- деп ага абдан маани бнрип, кыбыр эткен кыймылын да аңдып жатышат. Башкы прокурорлук кызматка бекиген Өткүрбек Жамшитов  иштин көзүн таба албай кыйналып жатса да, “ишимден жыйынтык чыгарам, прокуратураны баштапкы көзөмөл органына айлантам”- деген дымак менен иштеп жатат. Буюрса, тагылган милдети так аткарып, жакшы иштейт. Бирок, ал аталган кызматта көпкө отурбайт.

 

“Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголуп калышы ыктымал”

 

- Чыныбай Турсунбеков сак болбосо, арзыбаган жерден жалаага кабылып, кылмыш иши козголуп, жаман атты болуп калышы ыктымал. Ошон үчүн ар бир кадамын абайлап ташташы керек.

 

“Айбек Калиев өз чындыгын далилдесе, камактан чыгышына шарт түзүлөт”

 

- ТЭЦтеги коррупцияны беттерине кармап, мыкты адис, жаш кадр Айбек Калиевди ак жеринен камакка алышты. Чынында бул адам жогорку кызматты аркалаганы менен  ТЭЦтеги коррупцияга тийешеси жок. Муну жаманатты кылып, “коррупционерлер менен күрөшүп жатабыз”- деген таризде камап коюшту. Бул жигит өз чындыгын далилдесе, аАкталып чыгышына шарт түзүлөт. 

 

“Иса Өмүркулов жакшылап сүйлөшсө...”

 

- Иса Өмүркуловдун ичинен сүйүнүп  барандуу кызматтардын бирин аркалайм деп турат. Буюрса, бул адамдын жолу ачык. Бирок, мурунку президенттин жакын адамы болгон үчүн кызмат күткөн көп адамдардын катарында болуп, кызмат тийбей жатат. Жакшылап сүйлөшсө, жогору жактын талабына жооп берсе, чоң кызматтын бирин жетектейт.

 

“Кашкар Жунушалиев сак болбосо кырсыкка кабылат”

 

- Бул адам “өзүм башкарган системаны жакшыртам”- деген дымак менен иштеп жатат. Бирок, бул кишинин жолу татаал экен. Жол ачтырып, ден соолугун калыбына келтирбесе, кантип кырсыкка кабылганын билбей калат. Бул киши  унага түшкөндөн сактанбаса Темир Жумакадыровдой болуп, авто кырсыкка кабылып калышы мүмкүн деген аян түшүп жатат.

 

“Акылбек Жапаров кызматка келиши мүмкүн”

 

- Акылбек Жапаровдун азырынча жолу ачык. Кудай буюрса бир кызматты аркалайм деп өзүнө ишенип турат. Жакынкы айларда бул киши кызматка келип калышы ыктымал. Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошсом дейт кыялында.

 

“Алтынбек Сулаймановдун зоболосу көтөрүлөт”

 

- Алтынбек Сулаймановдун зоболосу көтөрүлүп жатат. Муну жалаң гана жакшылыктар күтөт. Жогору жактан колдоо болот. Өзү күтпөгөн жерден мамлекеттик кызматтын бирин да аркалап калышы ыктымал. Эмнегедир Сооронбай Жээнбековго бирде жакса, бирде купулуна толбой турат.

 

“Төрөбаев кылтакка илинип калышы мүмкүн”

 

- Бакыт Төрөбаев сак болбосо, саясатка астейдил мамиле кылбаса кылтакка илинип, заматта жаманатты болуп калышы ыктымал. Азырынча  депутаттык кызматтан башка кызматты көргөн жокмун.  Өз партиясынын түйшүгү менен эле алек болот.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg

 

P.S. Жолумду ачтырам, келечегиме төлгө тарттырам дегендер 0709 217 858 номерине байланышса болот.