Ош базарындагы «Берекет» соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар 24-апрелде кармалышкан. Учурда аларга карата 238-берене (орт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Булак: ”Азия Ньюс”