- Абдыкайым Кангелдиев өзүнүн арызына ылайык гана жумушунан бошотулду. Мындай буйрукка министрибиз өзү кол койду, - деп кошумчалады «Сулайман Тоо» тарыхый археологиялык музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулла Ибайдуллаев. 

 

Абдыкайым Кангелдиев “Сулайман Тоо” тарыхый археологиялык музей комплексинин башкы директорлугуна 2017-жылдын 18-августунда дайындалган эле. Ал буга дейре Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарум укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында билим берүү жана маданият секторун жетектеген.