Буга чейин И.Карыпбеков өзү да, жумушунан кетери жөнүндө ушактарды комментарийлеп, “чыдап тургула, аз калды..”- дегендей пикир калтырган эле. Жаңы бийликтин тушунда АШАнын кареги менен тең айланып, саясий оппоненттер менен күрөштө “рупор” болуп берген кошоматчы И.Карыпбековдун кызматта калуусу күмөн болчу. Муну өзү да мыкты түшүнүп, адатынча, жаңылардын да койнуна кирип кетүүгө аракет жасады жакшы эле. Бирок, азыркы Ак үй ээлери Илимдин атын укканда эле жийиркене түшүшүптүр. Биздин маалымат боюнча, Илим жакында өз арызы менен жакшылыкча кетип калбаса, шермендеси чыгып куулуп кетери айтылууда.

 

И.Карыпбековдун таза иштебегендигин КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, белгилүү төкмө акын төмөнкүчө белгилеген: “3-апрелде Илим Карыпбеков Байкоочу кеңешке отчётун берген. Кеңештин төрагасы Ж.Жекшеев отчетту “он-лайн добуш бере калалы” деген шылтоо менен шашылыш өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок жыйын өткөрүүнү талап кылып, ал план жокко чыккан. Көчмө студия тууралуу маалымат сураганда Жекшеев “мен көргөм, жакшы эле студия экен” деп жооп кайтарган. 1,5 миллион долларга сатылып алынган көчмө студиянын техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы тууралуу так маалымат көрсөтүлбөгөндүгүн, саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтерди ж.б.у.с негиздерди эске алуу менен каршы добуш бергем. Депутат Каныбек Иманалиевдин көчмө студияны сатып алуудагы процесстерди тийиштүү органдарга текшерүү боюнча берилген сунушун колдойм. Кийинки жыйында кесиптештерим абийир, ар-намыс, акыйкат деген принциптерди эске алса, башкы директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизем”. Учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинде да революциялык кырдаал түзүлүп, эгер АШАнын тушунда көпчүлүк Илимди сүрөп келсе, азыр Жекшеевден башкасынын баары Карыпбековго каршы турушууда. Ошондо, Илим арызын алып келбесе да, аны күн мурунтан “тындым” кылып коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр.

 

Көчмө студия боюнча И.Карыпбеков: “Азыркы тапта КТРКда Эсеп палатасы дал ушул көчмө студияны текшерип жатат. Башка укук коргоо органдарынын дагы текшерүүсүн мен дагы суранам. Таптаза, эч бир жаман иштерге аралашпаган Каныбек Иманалиев мырза депутатыбыздын сөзү катуу болуптур. Бул унааны базардан сатып алгандай эле айтыптыр. Көчмө студия базарда, дүкөндө сатылбайт. Көчмө студия нөлдөн курулат. Ар бир тетиги өзүнчө сатылып алынат. Бизге дагы интернет дарегин берип коюусун суранам, карап чыгалык”,- деп актанууда.

 

КТРК жетекчисине Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов да олуттуу сын-пикирин жазган. Буга Илим: “Карыпбековдун жетекчилигинин алдында КТРК эң балит технологияларды колдонду, жоопко тартыш керек дептир. Колунда деле 100 000 сандык гезити бар эле, эмнеге буга чейин менин жетекчилигимдеги эң балит технологияларга жол бергендигим боюнча айтпай келди болду экен? Ошондо эле жазып чыкпайт беле? Ааа, анда элчилик кызматын алып коюшмак да антсе, а эми жаңы бийликке жагып ордунда калуунунун ыкмасы го? Анда түшүнөм Кылычбек мырза, мындан дагы жакшылап мени жамандап, анан гезитиңиздин кызматын сунуштасаңыз калып калаарсыз. Дагы бир аз аракеттениңиз! Керектүү кишилерди мактаганды да унутпаңыз, ансыз болобу”,- деп буга да чычалап чыкты.

 

Айтор, Илимди угуп олтурсаң, андан өткөн мыкты кадр жок. Элдин баарын “мырк” көрөт. “Э-эй, эски доордун шыпыргысы...”- деп ага айткан адам жок. Эң негизгиси, Илимди кетер кези келди, түйүнчөгүн түйө берсин! Жаңылар анын кызматына зар эмес! “Апрель фондусуна” барса, вакансия көп экен го!