“Бишкек-Парк” соода борборуна бомба коюлду деген маалыматтын негизинде күч органдары борборду курчашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

 

Учурда кызматкерлер жана кардарлар сыртка чыгарылып, УКМКнын кызматкерлери бомбанын бар же жоктугун иликтеп жатышат.

Белгилей кетсек, акыркы апта ичинде белгисиз бирөөлөр тарабынан бомба тууралуу маалымат берген факты үчүнчү жолу катталууда.

 

8-апрелде Ататүрк паркында, ал эми 26-апрелде калаадагы Борбор Азиядагы Америкалык университетте бомба бар деген жалган маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин бомба жоктугу аныкталган.