Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып жатканда белгилүү болду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.
Мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө Өкмөт тарабынан берилген 48 сунуштун 37 сунушу эске алынганын эске салган тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 11 сунушка ынанымдуу жүйө келтирилбегендиктен кабыл алынбай калганын белгиледи.
«Мыйзам долбоору 2014-жылы эле иштелип чыккан. Өкмөт менен биргелешип иш алпардык. Тилекке каршы, Өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча корутундусу өтө кечигип келди, тездетиш керек болчу. Энергетика тармагында түзүлгөн азыркы кырдаалды өзүӊөр көрүп турасыӊар, ишти илгерилетпесек болбойт», - деп, баяндамачы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши да эске алынганын кошумчалады.
Мыйзам долбоорунда өлкөнүн электр энергетикасы тармагындагы экономикалык жана технологиялык мамилелердин жаӊы укуктук негиздери, ал мамилелердин саясатын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу чаралары, электр жана жылуулук кубатын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо жол-жоболору камтылган.
Ушу тапта өлкө аймагында курулган бир катар чакан ГЭСтердин өндүргөн электр кубаты 4 сом 70 тыйындан сатылып алынып жатканы белгилүү болду. Ал эми айрымдары жарыяланган сынакка катышпагандыктан, алар менен азырынча келишим түзүлө элек.
Депутат Кожобек Рыспаев социалдык мекемелер менен мечиттерге мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында аларды жеӊилдетилген электр тарифине өткөрүү жөнүндөгү масени чечүү маселеси тапшырылганын, бирок азыркыга чейин анын жообу келбей жатканын билдирди. Депутат Мирлан Бакиров өкмөт өкүлдөрүн бул маселени тездетип чечип берүүгө чакырды.
Өкмөттүн өкүлү мындай ыкма Ысык-Көлдөгү мейманкана ээлерине колдонулуп жатканын, ал эми жалпы кардарларга дифференцияланган тариф азырынча киргизилбей турганын, ушу тапта жалпы электр энергиясынын 65 пайызы жеӊилдетилген социалдык тириф боюнча колдонулуп жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.