Көптөгөн жаштар колледждер менен жогорку окуу жайларын бүтүрүп жатат. Бирок, билим берүү мекемелеринен диплом алуу жаатында кыйынчылыктар жаралууда. Мындай абал жыл сайын кайталанат. Өкмөт муну иликтеп чыгып, тезинен тийиштүү чараларды көрүшү керек. Ал коррупциялык жосундардан улам болуп жатканы жашыруун эмес. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Мисалы, сынактар 1-июнда аяктаса, бүтүрүүчүлөрдү 1-июлда диплом аласыӊар деп коюшат экен. А, алар диплому жок жогорку окуу жайларына качан тапшырат же жумушка качан орношот? Жок, дипломду башкача жолдор аркылуу эртелетип алса деле болот экен. Ал үчүн бирөөгө акча берүүгө туура келет. Билим берүү мекемелериндеги мындай коррупциялык жосундарды жоюу керек», - деди Экмат Байбакпаев.