Ош шаардык жарандык абалдын актыларын капоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнөн (ЖААКтан) эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт.

 

Анткени, зарыгып бул кеңсеге баш баккандарды аталган мекеменин кызматкерлери дайыма сылык-сыпаа жана сапапуу тейлеп келатышат. Булардын бири – түштүк башкалаасындагы ЖААКтын башкы адиси Урия Курманалиеваны иш үстүнө кепке тарттык.

– Урия айым, биз билгенден өмүр бою ЖААК тармагында үзгүлтүксүз эмгектенип келатасыз да?

 

– Буюрса, быйыл бул түйшүгү түмөн кесипти аркалаганыма жыйырма жыл толот.

 

– Вул аралыкта деги эмнелерге үлгүрдүңүз?

 

Албетте, көп мыкты өзгөрүүлөргө тушуктум. “АРИС” программасы менен калкты маданияттуу тейлегенге бекем ыктадык. Бара-бара эл турмушу дагы улам жакшырып, мунун аркасында Ош шаарында төрөгөндөрдүн саны, коз тийбесин, ого бетер арбып баратат. 2015-жылдан тартып бизде “АРЫЗ” порталы активдүү ишке киришти. Зарыккандар үйүндө эле олтуруп, керектүү документтерин толтуруп, ишин жеринде бүтүргөнгө мыкты шарт түзүлдү. Бул саамалык бара-бара нукка түшүп, акыры жемиштүү үзүрүн берээрине мен бөркүмдөй ишенем!

 

– А кайсыл маселе дагыле жүрөгүңүзүдү катуу оорутуп келатат?

 

– Ош шаары – расмий түрдө Кыргызстандын экинчи башкалаасы. Ошентсе дагы, жашырып не, элди мындан дагы мыкты тейлөөчү заманбап Бакыт үйүнө муктажбыз. Көрдүңүздөр го, мобул биздин мекеме жайланышкан Бакыт үйү тээ өткөн кылымда Союз маалында курулган. Эскилиги биротоло жетип бүттү. Муну миң оңдосок деле, кебетеси жакшырып кетээр түрү жок!

 

– Урия айым, биздин баамыбызда Кыргызстан жаш жана кесипкөй кадрларды даярдоо жагынан кыйла өксүп жаткандай. Сиз ушуга кошуласызбы?

 

– Жашырып не. Бизде кесипкөй адистер толтура. Тилекке каршы, алар турмуштан өз ордун таппай жүрүшөт. Биринчиден, жаш адистер өлкөбүздүн каягына барышпасын, маянасы абдан эле томен. Экинчиден, иштермандарды көтөрмөлөө жана аларга туруктуу дем байлатуу жагы дагыле чабал. Ошону үчүн жогорку окуу жайларын бүткөндөрдүн басымдуулугу кесиби боюнча иштешпестен, чет өлкөлөргө жеңил оокат издеп агылып жатышат.

 

 

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан