Мектеп окуучулары колдонуп жаткан чөнтөк телефондорун мектепке барганда сактап коё турган кутучалар болуш керекпи? Бул жагы жеке менчик мектептерде жолго коюлган. Эми болгону аталган маселенин мамлекеттик мектептерде ыңгайын табуу зарылчылыгы жаралууда. Болбосо, сабак мезгилинде интернетке кирип, алагды болгон окуучулардын билим сапатына эле эмес, алардын жүрүм - турумдарына да терс таасирин тийгизип койчу көрүнүштөр жок эмес. Ошондуктан, ЖК депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларын түзүлүшү жөнөкөй чөнтөк телефонун гана колдонууга үндөп, смартфондордон баш тартууга чакырган ЖК токтом долбоорун демилгелөөдө.