Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков “Азаттыкка” билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар.

Окуя 25-апрелде болду. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникикалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу:

– Бир окуучу белгиси зат алып келген экен. Ал эмне экенин билбей жатабыз. Тергөөчүлөр иликтей башташты, – деди ал.

Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган. ​

 

Айрым маалымат булактары уулангандардын арасында эки мугалим да бар экенин кабарлашкан. Жеңиш Байзаков муну четке какты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”