Түркияда кыргызстандык кыз киши колдуу болду деген маалыматтын тарашы, деги эле акыркы учурлардагы четэлде иштеп жүрүп, зөөкүрлөрдүн колунан запкы көргөн жаш кыздарыбыздын тагдырлары коомчулукту ойго салып койду. Ал гана эмес, Кыргызстандан кыздардын чет өлкөгө чыгышына карты пикирлер айтыла баштады. Бул боюнча демилгелер көтөрүлүп, колдогондор чыгууда. Биз да бул ойду улантып, көрүнүктүү инсандардын пикирлерин угуп көрдүк.

Кылычбек Султан, Кыргызстандын Кореядагы элчиси

– Бул маселе кыздарыбызга гана карата орчундуу эмес. Тилекке карты, турмуштун оорчулугунан улам, жаш улан-кыздар чет жакка агылып жатышы уланууда. Бул нерсени мен мамлекет үчүн да, улут үчүн трагедия катары кабыл алам. Ошого карабастан, бойго жеткен улан болобу, кыз болобу, маселени чет өлкөгө жумуш издеп чыгуусуна тыюу салуу менен чечүүаракетине каршымын. Бойго жеткен ар бир жараныбыздын жалгыз өзүнүн гана тагдырын эмес, бүтүндөй өлкөнүн тагдырын чечүүчү шайлоо укугу бар. Ошондуктан мамлекеттин тагдырын че-чүүгө укугу бар жаранды өзүнүн тагдырын чечүү укугунан ажыратуу – акылсыздык. Өз тагдырына ээ боло албайт деп эсептесек, анда уул-кыздарыбыздын шайлоого катышуу укутун.берген жаш курагын да көтөрүш керек. Дегеле бул маселени кыздарыбыздын укугун басмырлабастан, тескерисинче билим берүү, тарбия, камкордук системасын жакшыртуу аркылуу чечишибиз керек. Бийлик, өкмөт тыюу салуу менен оңой кутулуунун жолун издебестен, туура иштеши керек.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер

– Кыргызстанда иш орундары түзүлүш керек, эмгек миграция мамлекет тарабынан уюштурулуш керек. Мамлекет аралык келишимдердин негизинде, четтеги диаспоралар менен биздин элчиликтер тыгыз иштеш керек. Четтеги диаспоралар чоң күчкө айланышы мүмкүн, эгер өкмөт максаттуу иш алып барса. Миграциянын терс жагы да, оң жагы да бар. Ал эми кыздарыбыздын чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу жөнүндө ойлорго каршымын. Себеби бул Конституцияга, адам эркиндиктерине карты келет…

Эркингүл Иманкожоева, коомдук ишмер

-18 жашка чыккандан кийин ар бир жаран өзүнүн тагдырын өзү чечкенге укугу бар. Конституцияга ылайык, жарандардын укугун тебелегенге эч кимдин укугу жок. Ошондуктан аларды барбайсың деп тыюу салганга болбойт. Бирок мамлекет тарабынан жарандарды коргоого алыш керек. Чет өлкөгө жибергенге ата-энелер да кайдигер болбой, алардын коопсуздугун да карашы керек.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

– Тыюу салуу менен проблема чечилбейт. Башка иш-чаралар мамлекетгак деңгээлде жасалышы керек. 1 – эки тараптуу келишимдер, башкача айтканда эки мамлекеттин ортосундагы келишимдер түзүлүшү керек. Келишимдерде -мигранттарга медициналык жардам, пецсиялык фонд, коопсуздук, социалдык пакет сьшктуу жеңилдиктер көрсөтүлүшү керек. 2 – чет жакка чыгууну легалдаштыруу. Жарандарды жумушка расмий жиберүүнү мамлекет мойнуна алыш керек. Расмий лицензиясы бар компаниялар гана жумушка жибе-ре ала турган болуш керек. Ошол кампаниялар жарандар менен тыгыз байланышта болуп, алардын ал-абалынан, жашоо шарттарынан, укуктарынын сакталышынан кабар алып туруш керек. 3 – жарандарыбыз чет жакка чыгпардпн муруй ошол өлкөнүн мыйзамдары, жоболору, эрежелери менен танышуусу зарыл.

Айымкан Кулукеева, тышкы иштер министрлигинин кызматкери

– Кыргыз Республикасынын Консутитуциясынын 25-берене-сине ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны эркин ары-бери жүрүүгө (передвижение), каалаган жеринде жашоого, чет өлкөлөргө эркин чыгууга укугу бар. Бул укуктары Конституция менен бекитилген. Кимде-ким кыздарга сыртка чыгууга тыюу салса же салууга аракетгенсе, алар кыздарыбыздын (жарандарыбыздын) укуктарын бузууга болгон аракети деп эсептейм. Албетте, патриоттук сезимдерден улам айрымдар жаш кыздарды сыртка чыгарбоону демилгелеп жатышат. Менин оюмча бул бир кадам артка кеткен чечим. Себеби биздин коом жыйынтык менен гана күрөшүп көнүп алганбыз, кыздарды сыртка чыгарбай коюу катуу деле жыйынтыкка жеткирбейт. Андан көрө күчүбүздү, энергиябызды, убактыбызды коомдо татыктуу инсанды тарбиялоого жумшоо туура багыт болот го деген ойдомун.

Булак: “Фабула”