– Маегибиздин башында чыгармачылыкка аралашып калганыңыз туурасында айтып кетсеңиз?

– Атам Кабыл Бөрүбаев белгилүү ырчы Бек Борбиев жаңы ырдап чыккандан тартып эле 2000-жылдарга чейин менеджери болуп иштеген. Атамды ээрчип жүрүп, кичине кезимден эле чыгармачыл чөйрөгө аралашып чоңойдум. Ошонун таасиринен уламбы ырдап, ырчы болгум келип жүрүп, биринчи жолу сахнага Манас Бердибеков менен чыктым. Кийин «Бешилик» тобу түзүлүп, Рахман Разыков агайдын тобунда солист ырчы болуп иштеп калдым. Кийинчерээк топтон чыгып, -з алдымча кеттим.

– Ырчылыктан тамадалыкка өтүүңүзгө эмне себеп болду?

– Тамадалык өнөрдү кийинчерээк өздөштүрдүм. Достордун, Тамадалык өнөрдү кийинчерээк өздөштүрдүм. Достордун, туугандардын, жакындардын тойлорун алып барып жүрүп эле тамада болуп кеттим окшойт. Бирок тамадалык өнөрдү аркалаган мага жакты. Бул кесиптин арты менен көп жакшы адамдарга жолугуп пикир алышып, билбеген нерсемди үйрөнүп, айтор, жакшы пайдасы тийди. Тамада болгонума эч өкүнбөйм.

– Сиз куудулдар менен иштешип калбадыңызбы, азыр куудулдук өнөр аксады. Мурдагыдай сатиралар жазылбай калды дегенге кошуласызбы?

– Жок, бул пикирге кошула албайм. Куудулдук өнөр кыргызда эч качан аксабайт. Биздин эл эзелтеден бул өнөргө жакын. Тамашалашмай, чымчышмай илгертеден бар. Азыр деле ал нерсе кала элек. Биздин элди сатирага кызыкпай калды деген туура болбойт. А сатиралар болсо жазылып эле жатат. Илгерки сатираларды кайталап койгон эч ким жок. Куудулар концерт бергенде барсаң, баары жаңы жазылган сатиралар. Менимче, куудулук өнөр агымга жараша өнүгүүдө.

– Азыркы жазылып жаткан сатиралар сиздин купулга толобу?

– Эми барДык нерсе замандын талабына, агымына карата өзгөрөт окшойт. Илгери Шаршен куудул чарадагы айранга түшүп алып элди күлдүрчү экен. Азыр айранга түшүп көр, буга жин тийген го дешсе керек. Ошондуктан элдин аң- сезимине, дүйнө таанымына жараша сатиралар жазьшып, куудулдар да элдин агымына жараша
иштеп калат окшойт.

– Азыр ырдайсызбы, деле жеке чыгармачылыгыңызды өстүрүү ойлоруңуз бар-бы?

– Баш-отум менен ырчылыкка киришип, ырчылыкты кесип кылып кетем деп айта албайм. Убагында ырчылык менен алектенсем болмок, азыр башка жумуштар көп. Мага ырчылыктан да тамадалык өнөр чоң таасир калтырды. Азырынча ушул өнөрдүн өтөөсүнө чыгайын деп турам. Бирок ырды да такыр таштап салбайм. Тойлордо ырдап, үндү багып, такшалтып келе жатам.

– Кино да тартып калганыңызды билебиз. Кино жаатына кантип аралашып калдыцыз?

– Тасмаларга тартылып жүрүп, кино тартсам кандай болот деген ой пайда болду. Сценарий жазып, кино тартууга кириштим. Кино тартуу чоң түйшүк, жоопкерчилик экен. Бирок абдан кызыктуу иш. Азыр менде даяр сценарийлер бар, бирок каражат жагы гана кендирди кесип турат. Мурда союз учурунда «Кыргызфильм» киностудиясы эң мыкты киностудиялардын бири болгон. Болгон шарт, мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Сценаристтер сценарий жазып жатканда оюнда тасманын сценарийи гана болгон. Аларда эч кандай көйгөйлөр жашаган эмес. Азыркыдай каражатгы кайдан табам, кино өзүн актайбы, демөөрчүлөр чыгабы, кинотеатрлар 50 пайызын алса, мага каражат калабы деген баш оору болгон эмес да. А азыр болсо көйгөй көп. Кино тарткандарга эч кандай шарт жок. Керек болсо кинотеатрлар да 50 пайызга отуруп алышты. Анан ким кино тартат? Кыргыз киносу кантип алдыга жылат? Кантип, кайсы каражатка жаңы аппаратура сатып алат?

– Түшкөн каражаттын жарымын кинотеатрлар алышабы?

– Азыр ошондой кылып койбодубу. Бир кинотеатрда киноңду көрсөтсөң, түшкөн каражаттын жарымын ага бересиң. Мурда мындай эреже жок болчу. Тасманы койгону үчүн ижара акы төлөнчү. Эми ар бир кинотеатрга түшкөн каражаттын жарымын берип жүрө бересиң. Мындай шартта ким кино тартат? Эч кимдин азыр өз чөнтөгүнөн кино тартканга акчасы жок. Баары эле карызга тартат же демөөрү издейт. Акча маселесинен улам бизде азыр сапаттуу тасмалар аз тартылып жатат.

Бирок ошого карабай эле кыргыз кинолору тартылып жатат го?

– Ооба, кинолор тартылып жатат, тартыла берет. Бирок байкасаңар, мурдагыга салыштырмалуу кыргыз кинолору азая баштады. Азыр кинону каражаты барлар же ушундай кино тартсам деп кыялын ишке ашырууну каалагандар демөөрчү таап тартып жатышат. Эми эптеп эле жүрө бербей, алдыга карай өсүш керек да. Өсүш качан болот? Качан шарт түзүлүп, каражат жетиштүү болгондо. Ка-ражат болсо жаңы техникаларды аласьң алар менен сапаттуу тасмалар тартылат да.

– Кайра тасма тартсам дейсизби?

– Жогорудагыдай шарттардан улам азырынча кино тартайын деген ой жок. Карызга кино тартсаң, кайра ал акчаны чыгара аласыңбы, жокпу аны айтуу кыйын.

Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

– Азыр мени эл тамада катары көп таанып калды. Ушул өнөрдүн үстүндө изденип иштейин деп жатам. Тойлор коп, убакыт жок. Тойдон бошой албай, клип тартырууга жетишпей жүрөм. Чынын айтканда, концертке караганда азыр тойлор жакшы пайда алып келип калбадыбы. Той бар, артисттер жанын багып жатат го. Тойлор жок болсо артисттер кантип балдарын бакмак деп ойлоно берем. Дүйнөдө эң кедей биздин артисттер болсо керек.

-Демек ырчылар элге ыраазы болушу керек жен да. Бирок бир тойго 500 долларга барып ырдоо кым-бат эмеспи?

– Бир тойго 500 долларга барган ырчылар бар. Акчасы барлар чакырат, эч кимди эч ким кыйнабайт. Кээ бирөөлөр үчүн 500 доллар акча деле эмес да. 500 доллар арзан, 8000-9000 миңге Казакстандан, Орусиядан ырчыларды чакырып жатышпайбы. Анын жанында 500 доллар аз эле да.

– Эми элдин баары эле 8000-9000 долларга ырчы чакырып жаткан жок. Андай акчаны сапыргандар бизнесмен, чиновниктер десек болот. Элдин баары чиновник эмес да. 500 доллар көпчүлүк үчүн чоң эле акча. Ырас, эл ырчыларды багып жатса, ырчылар да элдин шартына жараша ставка коюшу керек го?

– Биз өз ырчыларыбызды көтөрбөсөк, баалабасак ким баалайт? Казакстандын ырчылары тойго эң аз дегенде 3000 долларга чыгышат. Силер канчага ырдайсыңар десе, баасын айткандан уяласың. Бизде деле силердей баага деп коебуз. Ырчыларды баалап, көтөрүш керек да. Акча болсо сапаттуу ырлар жазылабы? Мына казактын ырчылары өсүп жатат. Техникасынын баары жаңы, ырлары сапаттуу. Бизде сапаттуу техника да жок. Өз ырчыларыбызга келгенде эле кымбат деп туруп алабыз, а чет жерден миңдеген долларга ырчы чакырабыз.

– Ырчыларды багуу элдин милдети эмес. Чынында эл азыр өзүн араң багып жатат. Элугуп, баалап, сый-лаган үчүн ырчы ырчы болуп жатат. Башка элдин айлыгы менен биздикин салыштырып болбойт. Баары экономикага жараша. Биздин ырчылар биздин элдин алды болуп эле жашап жатышат. Тапкан акчасына аппаратура сатып албай, үй салып, машина алып, чет жерге эс алып кеткенине эл күнөөлүү эмес да.

– Ооба, сиздин айтканьщыз да туура. Бирок эл кыйналып жатат деген менен Кудайга шүгүр, күндө той. Ресторандар бош эмес. Элде бар болгону үчүн той болуп жатат го дейм. Мурдагыга салыштырмалуу элибиздин жашоо-шарты өстү. Буга да шүгүр дейли. Кудай элге берсин. Элибиз ток, жерибизде тынчтык болсо баары болот.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”