Бир туруп биздин паракор-чиновниктердин алкымы ажыдаардыкындай, жүрөгү тоодой чоңдугуна таң каласың. Анткени четтен кармалып аткандыгын көрүп-билип турушуп эле арам акчага азгырылышууда. Болгондо да ири суммадагы жашыл валютаны пачкалап алгандар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан келемиштей эле кылтакка илинип жатышат. Башкасын айтпай эле коёлу, мамлекеттеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөйт, жарандардын укугун коргойт деп ишеним артылган прокурорлордун өздөрүнүн коррупцияга белчесинен батып калгандыгы - мамлекетибиздеги укук коргоо органдарынын узун-туурасынан булганып бүткөндүгүн далилдеп турат. Өткөн аптада УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Бирок шектелүүчү ошол эле күнү өзүн жаман сезе баштагандыктан ооруканага түшүп, дарыгерлер ага "мээдеги кан айлануунун бузулушу" деген диагноз коюшкан. Кийин анын акыбалы туруктуу экенин айтылып, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгары белгилүү болду. Учурда ага КР Кылмыш жана жаза кодексинин 313-1-беренеси (Пара алуу) боюнча айып тагылууда. Ошол эле учурда ал колго түшкөн учурда кебелип да койбогондугу эмненин белгиси, ыя?

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.