Эзели саясат деген эмне экендигин билбеген жана пикет, митинг менен иши жок алыскы Тогуз-Торо районунун карапайым калкы азыр Ак үйдүн алдын акмалап турушат. Себеби кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы 2016-жылы кура баштаган жана жергиликтүү эл менен эсептешип да койгон эмес. Акыры бийликтен үмүтү үзүлгөн эл 11-апрелдеги митингде алтын ылгоочу фабриканы өрттөп жиберишкен. Эми ага шектүү катары кармалган 12 жарандын сегизи эмнегедир алгач Бишкекке алынып келип, Аламүдүн районундагы №50 тергөө абагына которулган. Тилекке каршы алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары жана өспүрүм курактагылар болууда. Бийлик миңден ашык адам үчүнчү ирет митингге чыккан соң алтын ылгоочу фабриканын өрттөлүшүн ушул балдардан көрүп атыптыр. Ошондуктан эмчектеги ымыркайларын көтөргөн келиндер, сакалын сүйрөгөн аксакалдар тергөө иштерин жеринде жүргүзүүнү талап кылышууда. Бул арада УКМК тарабынан аталган комбинат тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай уруксаты жок мыйзамсыз курулгандыгын аныктап, кылмыш ишин козгоду. Андыктан мыйзамсыз курулган фабриканын иштешине каршы болуп, өрттөп жиберген элге “мыйзамдуу” кылмыш иши козголгондугу кандай болуп калат? Баарынан да чет элдик компания тогуз-торолуктардан 5 млн. доллар материалдык чыгымды төлөп берүүнү талап кылып жатышы туурабы?

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.