ЖКда көпчүлүк коалиция башпрокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жатканда депутат Дастан Бекешев прокуратура жаатында иштегендердин айлык акысына кызыкты.
Жамшитовдун айтымында, ал Жалал-Абад прокуратурасында иштеп жүргөндө 30 миң сом айлык алган.
"Прокуратура кызматкерлеринин айдап жүргөн унааларын көрсөң алар айына 30 миллион сом айлык акы алгандай сезилет. Бул албетте, бул тармакта коррупциянын бардыгынын кабары. Башпрокурор болуп калсаңыз буга көңүл буруп коюңуз", - деди депутат талапкерге.