Кыргызстанда өткөн жума ичинде 22 миң 283 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалгынын маалымат кызматы кабарлады.

 

13-18-апрель күндөрү атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 226 айдоочу мас абалында рулга отурганы аныкталды. Ал эми тийиштүү документи жок 307 айдоочу унаа башкарган.

 

Жогорку ылдамдыкта унаа айдап жол эрежесин бузгандардын саны 2 миңден ашты, жол белгилерине маани бербеген 3878, коопсуздук курун такпаган 5 миңден ашык, рулда баратып телефон менен сүйлөшкөн 3 миңдей учур катталды.

 

Жалпысынан атайын унаа токтотуучу жайга 866 автоунаа токтотулду.