Тогуз-Торонун жергиликтүүлөрү бүгүн дагы нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын негизги талабы, камактагы 12 адамды бошотуу болууда.

 

Учурда Ак Үйдүн алдында өтүп жаткан митингге 50гө жакын адам чогулган. Алардын ичинен 20 адам бүгүн  Тогуз-Тородон Бишкек шаарына келген.

 

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.