Жогорку Кеңеште "Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси каралды.

 

Мыйзам долбоору аркылуу транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) мөөнөтүн 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. "Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат", - дешет демилгечилер.

 

Мындан сырткары унааны каттатуу (кайра каттатуу) эрежелерин сактабагандыгы үчүн унаанын ээсине 8 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Ал эми юридикалык жактарга 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы.

 

Мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Эгер бул документ 3-окууда парламентте жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.