Буга чейин айрым маалымат каражаттарында ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усеновдун коррупциялык схемалары жөнүндө сөз болгон эле. Бирок, улам текшерип барган комиссияларды башын айлантып жолго салып коюу, тергөөнү “бармак басты, көз кысты” кылып жаап коюу өнөрү эми өтпөй калат шекилдүү. Анткен себеби, президент Сооронбай Жээнбеков учурда катуу талап коюп, таза иштебеген жетекчилерди катуу жоопкерчиликке тартууну көздөөдө. Мына ошол коррупцияга каршы күрөштүн арааны Жалал-Абадка жетип, кечээ мэр Салайдин Авазов кармалды. Мэр, министрлер камалып жатканда ЖАМУнун ректору кеп бекен! Айрым булактардан бизге кабарлашкандай, ректор Усеновду келе жаткан юбилей гана сактап турат, анткени, анын алдында ызы-чуу кылбай, республикадагы эң байыркы окуу жайлардын биринин 95 жылдыгын татыктуу өткөзүп алуу вазийпасы турат. Бирок, апрелдин аягына болжонгон мааракеден кийин ректордун бардык иши тыкыр иликтенет, а чубай турган былыктары көп экени айтылууда.

 

Биз ошондуктан, ректорго бир нече “неудобный” суроолорду камдадык:

 

1. Кеңешбек мырза, сиз проректор катары 9 жыл кызматыңызды ашыкча пайдаланып, 2,5 чен  (эки жарым ставка) менен иштегениңиз чынбы?

 

2. ЖАМУнун проректору болуп иштеп турган мезгилде тууганыңыз Г.Ахматовду бир күндүн ичинде үч ставка жумушка кабыл алып,  буйрук чыгартып, кылмыш иши козголгону чынбы? Мыйзамсыз ага төлөнүп кеткен 70550 сомду мамлекетке ким кайтарат?

 

3. 2017-жылдын 24-июнунда прокуратура жасалма дипломдор боюнча  кылмыш ишин ачкан эле. Мына ошол жасалма дипломдордо сиздин колуңуз коюлуп турганы айтылды. Бул ошондо кандайча болуп калат? Сиз эми кантип актанасыз?

 

4. Чет элдик студенттердин окуу акысы убагында төлөнбөсө да, окуп жүрө бергенин буга чейин көп ирет айтышты. Анын негизинде кылмыш иши да козголгон. Мун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Д.Сагынбаев да тактаган. Учурда өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан ыкчам иликтөө жүргүзүлүп жатканы айтылууда. Бирок, улук прокурор Н.Тургунбаев гербовой (фирменный) бланкада эмес же мөөрү жок, “чет элдик студенттердин окуу акысын убагында төлөгөн эмес” деген Түштүк регионалдык “Ош-Аудит”ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин дооматы өз ордун тапкан жок”,- деген тактамасын көрүнгөн эшикти каккылап  жүргөнүңүзгө жол болсун!

 

5. 2009-жылдан бери проректор болуп буйругу жок  иштеп келгениңизди 2018-жылдын 14-февралында Билим Берүү министрлигинен келген Ведомостволор аралык комиссия белгилеген экен. Бул түздөн-түз мыйзамды бузуу го? Айта турган так жообуңуз барбы? Же кыргыздарда боло береби?

 

6. Ректорлук кызматка отургандагы алгачкы чыгарган чечимдериңиздин бири - бир дагы студенти жок ачылган Конфуций институту. Прокуратура тарабынан 2016-жылдын 22-декабрындагы №1\394 буйругунун негизинде филология факультетинин Кыргыз тили кафедрасынын доценти М.Шакирова Конфуций институтунун директору болуп дайындалып, институт ачылгандан ушул күнгө чейин эч кандай студенттерди кабыл албагандыгына карабастан, 2017-жылдын январь айынан июнь айына чейин 73 225сом, ошол эле институттун адиси У.Омурзаковага 18 937 сом, жалпы 92 162 сом мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөнү боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Аны да эбин таап жаптырып койгонунуз менен, коррупцияга каршы күрөш катуулап, кайрадан тергелип калышынан коркпойсузбу?

 

7. Эң негизгиси, сиздин тушуңузда коллективде ынтымак жок. Иш-аракетиңизде кетирген кемчиликтерди санап, жогору жакка арыздангандар да болон. Бирок, премьер-министр С.Исаковго, Жогорку Кеңештин депутаты, Укук, тартип жана кылмыштуулук боюнча комитеттин төрагасы К.Жээнчороевдин атына жазган арыздарды кандайдыр бир жол менен өзүңүзгө кайтарып алып, шексинген кызматкерлерди жана арызга кол койгондорду кабинетке бирден чакырып, коркутуп, басмырлап, өзү каалагандай кылып кайра жазып берүүлөрүн талап кылганыңыз абийирдүү ишпи? Сизге кызматкерлерди ашыкча басмырлап, артынан адам салып коркутуу укугун ким берген? Шек санаган кызматкерлерди” түп тамырынан бери жок кылам, тазалайм” деп ачык түрдө кекенип коркутуп жатышышыңызга ким укук  берип жатат. Бул жерде 37-жыл жыттанып турат. Сиз минтип манчыркаган менен, чыдам түгөнгөндө эл агын суу болуп каптап кетерин ойлондуңузбу?

 

8. Жакында гезиттердин бирине берген маегиңизде “окутуучуларга 13-эмгек акыны  бердим, эмгек акыларын 50% көтөрдүм”,- деген элеңиз. Чындап келгенде мурунку ректор убагында алган эмгек акы 2-3 миңге азайын кеткени ачыкка чыкты. Ал да убагында берилбей, кечиктирилет экен. 13-эмгек акы катары 2-3 миңден, кээ бирлерине 5-6 миңден гана берип койгонуңуз айтылууда. 10 миң сом алган мугалимге “13-эмгек акы” деп 3-4 миң берсе айлык болуп эсептелеби? Чындык кайда?

 

ххх

 

Айтор, ректорго бере турган суроолор абдан көп. Бир нерсени белгилеп коелу – бир адамды алдасаң болот, он адамды, жүз адамды алда, а бирок, жалпы элди алдай албайсың. Ошондуктан, кээде өз абийириң менен эле кетип калган да туура.