Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын мэри, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров камакка алынды. Бул тууралуу  УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык экөө тең учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

 

Эске салсак, январда Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган. Бул окуя бир жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан жана айрым жетекчилер шектүү катары камалган.

 

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп, 4-апрелде камакка алынган. Андан көп өтпөй, ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев кызматынан бошотулган.