Эртең, 18-апрелде   Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Жусуп Мамай – эки доордун залкар манасчысы” аттуу кереге кеңеш өтөт. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

 

Иш-чарага окумуштуулар, жазуучулар, манасчылар, манасчынын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай тегин, ЖОЖдордун окутуучулары жана жаш изилдөөчүлөр катышат.

 

Кереге кеңеш Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевдин жана манасчынын чыгармачылыгын изилдеген адис-окумуштуулардын сөздөрү менен уланат.