Тогуз-Торолуктар  Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.  Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда. Митингге чыккандар колдоруна "Бейкүнөө элдерге боштондук", "Биздин үнүбүзбү уга турган чоңдор бар бекен?" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

 

ИИМдин  маалымат катчысы Бакыт Сеитов нааразы болгон тарап менен жолугуп, айыл тургундарынын Бишкекке алынып келгендеринин себебин түшүндүрдү. Айтымында, иш резонанс жараткандыктан калыс тергелүүсү керек.