Тогуз-Тородогу  башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде  15 адам кармалды. Бул тууралуу  ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кармалган адамдардын арасында аялдар дагы бар. Буга чейин Тогуз-Тородогу пикетке тиешеси бар делген 150гө чукул адамдын суралганын айрым массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан болчу.

 

Эскерте  кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан.