Максим Бакиевдин коттедждерин баалаган «Капитал+» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга алынды. Эске салсак, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан камакка алынган.
Ал Мүлк фонду тарабынан «Ала-Арча» резиденциясына жакын жайгашкан 48 коттеджден турган VIP-шаарчанын 12 гектар жери менен сатылышы боюнча кармалган.
13-апрелде ушул эле фактынын негизинде Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрага орун басары Бакыт Мураталиев да кармалды.
Максим Бакиевге таандык делген, кийин мамлекетке алынган «Идеал Хаус» VIP-шаарчасы былтыр жыл аягында 142 миллион сомго сатылган.