Бишкекте кечээ, 16-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен Башкы прокуратуранын Ички иликтөөлөр кызматы биргелешип укук коргоо жаатындагы коррупцияга бөгөт коюу иш чарасынын алкагында, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолор Башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалган. Ал 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин колуна түшкөн. 

 

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, кармалган адам абакка жете элек. Кармоо учурунда анын акыбалы оордоп, Тез жардам чакыртылган. 

 

"Кан басымы көтөрүлгөн экен, Бишкектеги ооруканадардын бирине жайгаштырылды", - деп билдирет УКМК.