Парламент мектеп окуучуларына кыска юбка, макияж, жыртык жынсы, смартфон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт.  

 

Токтом долбоордун демилгечиси "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова.

 

Анда кыска юбкалар, көзгө урунган макияждар жана узун тырмактуу маникюрлар менен окуучу кыздарды сабакка кирүүгө тыюу салуу киргизилсин деп жазылган. Ал эми балдарга жыртык жынсы, футболкалар менен сабакка кирүүгө тыюу салуу сунушталган.