Бүгүн, 16-апрелде жааган жамгырга карабай,  "Ош базарында" соода орундары өрттөнүп кеткен тургундар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Учурда имараттын астына топтолгон эл өкмөт башчы Сапар Исаковду сыртка чыгып, алардын сөзүн угуусун талап кылышууда. Топтолгон соодагерлердин саны болжол менен 150гө жетет.

 

Эскерте кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн өрт чыккан.

 

Маалыматтар боюнча, базардын 2 миң 500 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан.

 

Атайын кызмат базардагы өрттү кимдир бирөө атайн жасаганын билдиришүүдө. Кылмыш иши ачылып, тергөө башталган.