- Оенбек мырза, айып этпеңиз, бирок, сиздердин партия жөнүндө окурмандарыбыз дээрлик билишпейт экен. Жаңы толкунга кантип кошулуп калдыңыздар?

 

- Чынында эле “Мекеним-Кыргызстан” - өлкөбүздөгү жаңыдан түзүлгөн өтө жаш саясий уюм. Ошого жараша катарыбыз дагы жалаң жаштардан куралган. Ошондуктан, саясий күрөштөр али алдыда. Бара-бара биз дагы такшалып, эл оозуна алынабыз деген терең ишеничтемин.

 

- Дегеле Ош шаарынын азыркы бюджетине ичиңиз чыктыбы?

 

- Ириде, бир нерсеге канааттануу – токтоп калуу менен барабар! Ошондуктан, мен минтип өзүмдү өзүм жооткотконго дегеле көнгөн эмесмин!

Ош шаарынын бюджетин азыркыдан бешбетер көбөйтүүбүз абзел! Анткени, калаабыздын керектөөсү бара-бара өсүп, ага жараша мүмкүнчүлүктөрү дагы улам кеңейип баратат. Мында биз ички жана тышкы инвестицияны тартууну кадимкидей жолго коюп, анан аларды барган сайын  көбөйтүүбүз абзел! Муну үчүн инвесторлорго бир катар жеңилдиктерди дагы токтоосуз ыйгаруубуз зарыл! Инвестициялык климатты чукул арада жакшыртпасак, далайын үркүтөбүз. Анан бир качкандан кийин инвесторлор Ошко таптакыр жолобой коюшат.

 

- Оенбек мырза, балким, инвесторлордун Кыргызстандын түштүк башкалаасына таптакыр жолобой жатышына коррупция деген балакет дагы себепкер болуп жүрбөсүн?

 

- Жемкорлукка Президентибиз Сооронбай Жээнбеков аеосуз күрөш жарыялабадыбы. Бул саамалыкты жалпы коомчулук бүт жапырт кубатташыбыз абзел! Мисалы, мен билгенден Ош шаарында инвестия тартууга абдан жакшы шарттар жаратылган. Эски адатыбызга салып эми инвесторлорду чоочутуп жана качырып “шапке” сураганды токтотуу зарыл! Болбосо, көп мүмкүнчүлүктөн  дагыле кол жууйбуз.

 

Ошондуктан, Ош шаардык Кеңешинин сессияларында биз дагы мындай талапты Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге кабыргасынан катуу коюп жатабыз. Мындай аракетибиздин жыйынтыгы тээ күзгө барып билинет.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити