Премьер- министр Сапар Исаков «Ош»  базарындагы жана Жалал-Абаддагы борбордук базарларындагы тилсиз доодон жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Бул туурасында аталган мекеме кызаткерлери билдиришти.

 

Исаков ӨКМ министри Кубатбек Бороновдон кырсык тууралуу маалымат алган соң, кырсыктын келип чыгышын иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо, жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү буюругун берди. Анткен менен мамлекет тарабынан кандай жардам көрсөтүлөт азырынча белгисиз.