Жазгы айдап себүү учурунда күйүүчү майлоочу майдын баасын арзандатуу зарыл. Бул туурасында бүгүн депутаттар тарабынан айтылды.

 

Маалымдалгандай, өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы өз наркынан кымбат болууда. Ошол эле учурда коңшу Казакстанда анын баасы 10 сом.

 

Эл өкүлдөрү Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү экенин эске салып, нефтетрейдерлер чоң пайда көрүп жатканын кошумчалашты.