Акыркы учурда экс-президенттин дагы бир досу,  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун дарегине эл өкүлдөрү тарабынан катуу сындар айтылып жатат. Дегенибиз бүгүн, Жогорку Кеңеште калаа мэриясынын аткарган иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү керек деген сунуштар болду.

 

Депутат Алмасбек Акматов тургундардын  аталган мекемеге нааразычылыгы күн санап өсүп жатканын айтып, ага бир катар себептерди дагы санап өттү.

 

Жеңил курулуш имараттарынын курулушундагы жердин берилиши, санитардык, техникалык жана экологиялык коопсуздук ченемдердин сакталбашы, Фрунзе-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде адамдар баскан жолду, арыктын чоң жолдун жээгине чейин курулган унаа оңдоочу жайлар, дүкөндөр басып калганын айтты.