Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлдү.

 

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылыкка миңдей киши катышты. Абалга милиция көз салып турду. Бирок маалыматтарда чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытканы кабарланууда. Натыйжада Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

 

Нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылды, бирок жолду жаап салышкандыктан атайын машине жетип келе алган жок. Учурда жагдайды милиция көзөмөлдөп жатат. Факт боюнча иликтөө башталды.

 

Тогуз-Торо райондук акимчилигинин жетекчилери митинг болгонун "Азаттыкка" ырасташты. Бирок алар имараттын өрттөлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

 

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин жүйө кылып жатышат.