Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров Тогуз-Тородогу окуя акимди жумуштан алуу менен чечилбей турганын айтып чыкты. Ал нааразычылыка жол бербеш үчүн, мамлекет тарабынан эч кандай иш аракеттер көрүлбөгөнүн билдирди.

 

Ошону менен катар, мындай окуялардын болушу инвесторлордун агылып келишине бөгөт коюшу ыктымалдыгын кошумчалады.

 

Ал эми мыйзамсыз курулду делген имараттарды укук коргоо органдары алдын ала текшерүүсү керек эле дейт.