Депутаттар Зарылбек Рысалиев (РАЖ) жана Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”) пленардык жыйында билимдерин аз жерден сынашпай калышты.

 

Жогорку Кеңешке кыйноолого каршы Улуттук борбордун өкүлдөрү келип, маалымат беришүүдө.

 

Шыкмаматов Текебаевдин камерасына видеокөзөмөл орнотулганын айтып, бул мыйзымга ылайык келээр-келбесин аталган борбордун адистеринен сурады.

 

“Текебаевди эле айтып, “герой” кылдыңар. Ал кылмышкер. Жогорку Кеңеш чечимин чыгарган, Жогорку сот өкүмүн чыгарган, депутаттык мандатынан ажыратылып, кылмышкер катары жазасын өтөп жатат. 47-колониянын жетекчилиги кайсы камерага көзөмөл орноторун өзү билет. Видео орнотсо эле ал Текебаевге тынчтык бербей, күнү-түнү сабап жатыптырбы?!” – деди Рысалиев.

 

Алмамбет Шыкмаматов дароо жооп кайтарды:

 

“Рысалиев ЖАМКда, ИИМде иштеген. Мыйзамды жакшы билбестиги көрүнүп турат. Кылмыш кодексин билбейт окшойт. Текебаевдин мисалында бардык жарандардын укугун корголушу керек деп жатабыз. Сөздү башка жакка бурбаңыз”, - деди.

 

Рысалиев кайра микрофонго жете келди:

 

“Менден кичүү болуп алып минтип айтканың жарабайт. Кимдин билими кандай экенин айдан билесиң? Же менден зачет алдың беле? Кел анда, билимибизди сынашалы”, - деген депутатты спикер кой-айлап жатып араң токтотту.